Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Агын суудан (кечүүдөн) өтүү, суу токтогон же суу каптаган жер менен басуу, жүрүү. Кеч жөнөдү турбастан, Күркүрөп аккан суу кечип (Тоголок Молдо). Ушул өзөндүн өйдөкү кечүүсүнөн кечип өтүүгө мүмкүн болбой, суу катуу кирип турган убак эле («Ала-Тоо»). Көлчүктү ары-бери кечип, балдар куушуп ойноп жүрүштү («Жаш ленинчи»). 2. өт. Баштан өткөрүү, жашап, көрүп өтүү. Жалганчы болуп жүргүчө, Жалгыз жүрүп күн кечем («Эр Табылды»). Көздөн агып мончок жаш, Эмнелерди кечпеди (Турусбеков).